Мыйзамсыз миграция жана колдоонун жоктугу тигүү өнөр жайын кантип жок кылууда?

16.01.2026 | 15:00

Кыргызстан экспорттук негизги тармактарынын бирин жоготуп алуу коркунучунда турат. «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жыйынында тигүү бизнесинин өкүлдөрү үрөй учурарлык сандарды жар салышты: 2025-жылдын күзүндө башталган системалык кризистин шартында миңдеген цехтер жабылып, мыйзамсыз миграция күчөп, тармактык ведомстволор эч кандай аракет кылбай жатат. Ири ассоциациялар мыйзамсыз иштегендер үчүн айып пулду «Орусиянын сценарийи» менен катаалдатууну талап кылып жатса, чакан бизнес аткаминерлерди бюрократияга айыптап, коңшу Өзбекстандагыдай реалдуу колдоо суроодо.

Кыйроонун хроникасы: 5 миң цех жабылды

Жеке ишкер Жасур Парпиев кырдаалды оор деп сүрөттөдү. Анын маалыматы боюнча, тармактагы көйгөйлөр 2025-жылдын сентябрында курчуп кеткен, ошондон бери мамлекет бир дагы натыйжалуу колдоо чарасын көргөн эмес.
Жыйынтык — бери дегенде 4–5 миң тигүү цехи жабылды жана бул процесс уланууда.

Ишкер парадоксту белгиледи: ал цех ачканда текшерүүлөр үч ай катары менен жүргөн. Бирок кризис башталганда, салык төлөөчүлөрдүн тагдырына болгон кызыгуу сыяктуу эле, көзөмөлдөөчү органдар да жок болуп кетишкен.

«Экономика министрлиги ишти алып кете албай жатат. Система ийкемдүү эмес, иштебеген ченемдерге ашыкча байланган», — деп билдирди Парпиев.

МСКнын расмий статистикасы (тармактагы 9 миң ишкер) рыноктун катышуучуларында ишенбөөчүлүктү жаратууда — иш менен камсыз болгондордун реалдуу саны 1,5 миллион адам деп бааланууда. Бул учурда коркунуч алдында турган тигүү өнөр жайын туруктуулуктун социалдык кепилине айлантат.

Ассоциациянын көз карашы

«Текстильлегпром» ассоциациясынын жетекчиси Асел Атабекова тигүү бизнесинин башкы ооруган жери — бул сатуудагы көйгөйлөр жана каражаттын жетишсиздиги экенин баса белгиледи. Бул факторлор ата мекендик ишканалардын рынокто продукциянын баасы боюнча да, сапаты боюнча да атаандашуу жөндөмүн түздөн-түз алсыратууда.

Ассоциация башчысы өндүрүштү өстүрүү үчүн жагымдуу шарттар жана кадрларга, анын ичинде чет элдиктерге эркин жетүү өтө маанилүү экенин белгиледи. Бирок, анын пикиринде, азыркы мыйзамдар эреже бузгандарга өтө жумшак мамиле кылат: алсыз санкциялар ишенимсиз өндүрүүчүлөргө башка компаниялар мыйзамдуу түрдө чакырып, документтештирген чет элдик адистерди жазасыз азгырып алууга жол берип жатат.

Анын айтымында, ишканалардын 72%ы мыйзамсыз жумушчу күчүн колдонот. Бул туюк чөйрөнү жаратууда: адистерди мыйзамдуу алып келип окуткан ак ниет компаниялар аларды «көмүскөдөгүлөргө» азгыртып жиберип, жоготуп жатышат.
«Текстильлегпромдун» жетекчиси түзүлгөн кырдаал демпингди жана квалификациялуу адистердин легалдуу сектордон массалык түрдө кетишин шарттап, ошондой эле көмүскө экономиканын кеңейишине жана реалдуу кирешелерди салык салуудан жашырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Атабекова 65 миң сомдук айып пулду (Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 93-беренеси) күлкү келерлик деп атады:

«Тигүүчү үчүн бул эч нерсеге татыбаган сумма. Ал айып пулду төгүм (взнос) катары колдонуп, мыйзамды бузууну уланта берет».

Сунушталган чаралар:

  • Катаал айып пулдар: Ар бир мыйзамсыз мигрант үчүн 1 млн рубль айып салган Орусиянын тажрыйбасын негиз катары алуу.
  • Ишмердүүлүктү токтотуу: Миграциялык мыйзам бузуулар үчүн ишкананын ишин 90 суткага чейин административдик тартипте токтотуу ченемин киргизүү. Атабекованын пикиринде, бул көмүскө бизнес корко турган жалгыз реалдуу тобокелдик.
  • Резидент эместерди көзөмөлдөө: Кыргызстандын рыногуна кирген чет элдик компаниялар жергиликтүүлөр сыяктуу эле салыктык жеңилдиктерди колдонушат, бирок атаандаштык жөнүндө мыйзамды бузуу менен капиталды чыгарып кетип, демпинг кылышат. Ассоциация алардын иштөө шарттарын кайра карап чыгууну талап кылууда.

Ошол эле учурда Атабекова өзүнчө министрлик түзүүгө каршы чыгып, муну ашыкча бюрократия деп атады.

«Легпромдун» көз карашы

«Легпром» ассоциациясынын директору Азамат Керимбек уулу башка позицияны карманат. Ал тигүү тармагы экспорт боюнча алтындан («Кумтөр») жана айыл чарбасынан кийин үчүнчү орунда турарын, бирок ушул күнгө чейин тийиштүү кураторлукка ээ эмес экенин эске салды.

«Өзбекстанда өзүнчө Жеңил жана текстиль өнөр жай министрлиги бар. Бизге Экономика министрлигинин ичинде тармактын маселелери менен алектене турган жок дегенде өзүнчө бөлүм керек», — деп баса белгиледи ассоциация башчысы.

Анын айтымында, патенттик системанын жоюлушу жана маркетплейстерге чыгуу кескин өсүшкө (эки жылда Wildberries’те 23 миң жеке ишкер) алып келди, бирок логистикалык көйгөйлөргө жана 2025-жылдын күзүнөн бери РФтеги талаптардын катаалдашына бизнес да, бийлик да даяр эмес болуп чыкты.

«Өзбек кейси» жана пайдасыз форумдар

Жасур Парпиев коңшулардан үйрөнүүгө чакырды. Өзбекстанда 2014-жылдан бери тармакты бардык деңгээлде: арзан насыялардан жана сертификациядан баштап кадрларды даярдоого чейин системалуу колдоо жолго коюлган.
Ал эми Кыргызстанда, анын айтымында, көйгөйлөрүн депутаттар байма-бай көтөрүп турган аграрийлерден айырмаланып, тигүүчүлөр тагдырдын маңдайына ташталган.

«2025-жылы мейманканаларда бизнестин көйгөйлөрү боюнча 3,5 миң иш-чара өткөрүлдү. Жыйынтык — нөл», — деп жыйынтыктады ишкер, чексиз тегерек столдор реалдуу экономикалык реформаларды алмаштыра албастыгын баса белгилеп.

Эске салсак, тигүү тармагынын көйгөйлөрү ички факторлор менен эле чектелбейт. 2025-жылдын күзүнөн тарта ата мекендик экспорттоочулар орус-казак чек арасында болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга туш болушту. Буга Орусиянын бажы органдары тарабынан көзөмөлдүн күчөтүлүшү, тактап айтканда, мурдагыдай дайындалган кампада эмес, түздөн-түз чек арадан өтүүдө КНСти төлөө талабы себеп болду. Бул укуктук коллизияны жаратты: маркетплейстерде жеке жак же жеке ишкер катары соода кылган кыргызстандык ишкерлер товарды алуучу орусиялык юридикалык жак катталбагандан кийин алып келүү КНСин төлөй алышпайт. Натыйжада миңдеген тонна жүктөр бөгөттөлүп, бул кассалык ажырымга (акчанын жетишсиздигине), цехтердин токтоп калышына жана сезондук коллекцияларды жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашына алып келди.

Scroll to Top