Нарматова: Майыптыгы барларды медкароодон өткөрүү пара менен коштолот

Нарматова: Майыптыгы барларды медкароодон өткөрүү пара менен коштолот

Майыптыгы бар жарандардан жылыга эле медициналык кароодон өткөрө бербей бир жолу кароодон өткөндөн кийин пенсия бере тургандай кылып койсоңор болбойбу? Алардын илдеттери баары бир толугу менен айыгып кетпейт да… Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова  парламентте Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиевге берди.

Ал эми төрага Алиев “1-топтогу майыптыгы бар жарандардын жылыга медициналык кароодон өтпөйт. Бирок, 2-3-топтогулар жылыга өтүп туруусу керек. Бул чечимди медициналык кароо уюмдары чыгарышкан” – деди.

Ал ортодо Нарматова ошол медициналык камсыздандыруу уюму менен биргеликте ушул маселени кайра карап көрүү сунушун берди.

«Ал майыптыгы барлар жылыга медициналык кароодон өтүү үчүн, кайрадан пенсия алыш үчүн бир айлык пенсиясын берип, дагы башка пара берип кыйналышат экен. Ушуну жөнөкөйлөштүрүп койсоңор жакшы болмок» — деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>