Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Нарында көпүрө кулаганда дайынсыз жоголгон айдоочунун жансыз денеси табылды
15.08.2025 | 15:28

Бүгүн, 15-август күнү Нарында көпүрө сынганда дайынсыз жоголгон оор жүк ташуучу айдоочунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, сөөк Нарын облусунун Ак-Кыя аймагынан милиция кызматкерлери тарабынан табылган. Учурда тиешелүү тергөө жана документтештирүү иштери жүрүп жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, 13-август күнү Нарын-Эки-Нарын авто жолунун 43-44-чакырымында көпүрө сынып, оор жүк ташуучу унаа ичинде 41 жаштагы айдоочу менен Нарын дарыясына кулап кеткен. Кырсыктан кийин айдоочу дайынсыз болуп, аны издөө иштери башталган эле.
Рубрики: Окуялар
Теги: Нарын облусу