Өкмөттүн Нарын облусу боюнча мурдагы өкүлү Аманбай Кайыпов Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Белгилей кетсек, Аманбай Кайыпов 5-сентябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.