Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде “Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Презденттин басма сөз кыйзматы билдиргендей, тиешелүү жарлык Жогорку Кеңешке жиберилген.
Ошондой эле Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп облустук милициянын башчысы Уланбек Аалиев дайындалган.
14-апрелге карата Нарын шаарында — 5, Нарын облусунун Ат-Башы районунда — 19 коронавирусун жуктурган учур тастыкталды.