Нарын шаарындагы №4073 шайлоо тилкесинде добуш сатып алуу аракеттери жүрүп жатат. Бул тууралуу видеону күбө Reporter.kg’ге жиберди.
«Шайлоо бюлетениндеги тизмедеги №6 партияга добуш бергиле деп үгүт кылып, акча таратышууда. Мындан тышкары «Бийлик Элге», «Замандаш», «Ордо» партиялары да шайлоочуларга акча беришүүдө», — деди күбө.
Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Референдум өтүүүдө. Шайлоо 28 шаарда жана 420 айылда өтүп жатат.