Нарында үйдөн чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды

Нарында үйдөн чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды

Нарында үй өрттөнүп, бир адам каза тапты. Кырсыктын видеосу  Телеграммдагы «Короче» каналына жүктөлдү.

Видеодон өрттөнүп жаткан үйдү куткаруучулар өчүрүп жатканын көрүүгө жана «үй ичинде бир адам калды» деген үндөрдү угууга болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуяны тастыктап, өрт 24-ноябрга караган түнү, саат 02 чамасында Ленин көчөсүнөн чыкканын билдирди.

Учурда өрттүн себеби жана каза болгон адамдын өздүгү такталып жатканы айтылууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>