Жумгал районда балык уулаганы кетип дайынсыз болуп жаткан эки адам бир аптадан бери табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жумгал районунун Миң-Куш айылынын 43 жана 42 жаштагы эки тургунун издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана жергиликтүү тургундар тартылган. Бир жума боюу жүргүзүлгөн издөө иштери эч кандай натыйжа берген эмес.
Кечээ, 11-июнда да издөө иштери жүргүзүлүп, кийин караңгы кирип кеткенине байланыштуу токтотулган.
Ошондой эле маалыматта эки тургунду издөө бүгүн да улантылары айтылат.
Жоголгон эки адам 5-июнь күнү Көкөмерен дарыясынан балык кармаш үчүн Өрнөк айылына кетишкен бойдон кайтып келишкен эмес.
Куткаруучулардын маалыматына караганда, алардын унаасы суу жээкте калган.