Нарында күйөөсү бычактаган аялды куткарган адам милиционер болгон

Нарында күйөөсү бычактаган аялды куткарган адам милиционер болгон

Нарын шаарында күйөөсү тарабынан бычакталган аялды куткарган адам милиция кызматкери болгон. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Эскерте кетсек, аталган окуя 31-августта Нарындын борбордук базарындагы ашканада болгон. Анын видеосу жергиликтүү басылмаларга да чыккан. Андан көрүнгөндөй, бир адам ашканага кирип келип, аял кишиге артынан кол салган. Ал алгач аялдын мойнуна бычак сайып, андан кийин жерге жыгып, денесине бычак сая баштаган. Ошол учурда ашканага ак көйнөкчөн адам чуркап кирип, кылмышкерди четке тартып, токтотуп калган. Андан кийин дагы бир жаран келип, алар экөөлөп кылмышкерди сыртка алып кеткен.

Жабыркаган аял ооруканага жеткирилген. Ал эми ага кол салган адам 42 жаштагы күйөөсү экени белгилүү болгон.

Бул окуяда аялды куткарып калган ак көйнөкчөн киши Нарын райондук милициясынын тергөөчүсү, ага лейтенант Жеңиш Муканбетов болуп чыкты. Ал ошол күнү Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгына арналган парадга катышып, жеке жумуштары менен базарга барып, окуяга туш болгон. Ал болуп жаткан окуяны көргөндөн кийин жардамга шашылып, кылмышкерди токтотуп, аялдын өмүрүн сактап калган.

Жеңиш Муканбетов 24 жашта. 2018-жылдан бери милицияда кызмат өтөп келет. Генерал-майор Эргеш Алиев атындагы ИИМдин Академиясын бүтүргөн. Үч бир туугандын уулусу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>