Нарындан Ошко. Ташиевдин барышы чоңдорду чоочутту. Кезек кимде?

14.08.2025 | 17:10

Нарын жана Ош жергеси акыркы убакта мамлекеттик инвестиция жана курулуш иштеринин өзөгүнө айланды. 11-августта УКМКнын төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев бул эки облуста болгон сапарында ири долбоорлорду текшерип, жеринде көйгөйлөрдү аныктап, өз милдетин так аткара албаган жетекчилерди жеринде жемелеп да жетишти. Ар бирине так тапшырма коюп аларды күзүндө кайра келип текшерерин айтып, далайынын жүрөк суусун алып кетти. Албетте мындай кадамдар бизге керек эле. Антпесе эчен жылдап бүтпөй жаткан жумуштар акча бөлүнгөнүнө карабастан, кебелбеген чиновниктердин айынан дагы канча жатмак белгисиз. “Reporter.kg” бул ирет Камчыбек Ташиевдин Нарын облусу менен Ошко болгон сапарларына саресеп салат.

Нарынга болгон сапарында Камчыбек Ташиев биринчи кезекте “Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркын реконструкциялоо боюнча тапшырма берди. Бул парк туризмдин күчтүү булагы болушу мүмкүн, бирок көп жылдан бери көңүл бурулбай, жолдор начар, инфраструктура чабал бойдон калган. Эми өлкөдөгү экинчи адам жеке көзөмөлгө алган соң, Салкын-Төрдүн жаңы өңү менен туристтерди тартары талашсыз.

Андан кийин Нарын шаарындагы 127 курулуш объектилердин айрымдары текшерилип, Ташиев бир эле талап койду. Алар – сапат жана мөөнөт. Ал тургай шаарды автобустар менен тез арада камсыз кылууну да тапшырды. Жергиликтүү тургундар социалдык тармактарда “Нарынга да күн тийди, эми чоңдорубуз ишти өз убагында бүтүрсө экен” деп кубанычын жашырган жок. Бул облустагы долбоорлордун жалпы суммасы 15 миллиард сомго жакын. Мындай ир сумма менен инфраструктураны көтөрүү жана туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк. Болгону бөлүнгөн акчаны так иштетип, ишти өз убагында бүтүрсө эле Нарын жаркырап калган жатпайбы!?

Нарындан кийин Ташиев Ошко учуп келип, борбордук стадион жана В.Терешкова атындагы мектеп-интернатты көрүп чыкты. Экөө тең жаңы окуу жылына жана спорттук иш-чараларга даяр экенин белгиледи.

Андан соң Ош шаарынын ички көчөлөрүн оңдоо жана кеңейтүү иштерин да жеринен көрүп, сапатка өзгөчө көңүл бурууну эскертти. Ал жолду жасап жаткан подрядчы компаниянын өкүлүнө белгиленген убактан кечиктирсе жооп берерин айтып, чын-тамаша иретинде “тап” берген видео тарады.

Сапардын маанилүү бөлүктөрүнүн бири  120 даана атайын техниканы шаарга тапшыруу болду. Бул техникалар жолдорду кардан тазалоо, асфальт төшөө, оор жүк ташуу жана шаарды жууп-тазалоодо колдонулат. Каражат Президенттик турукташтыруу фондунан бөлүнүп, инфраструктураны жаңылоо максаты көздөлгөн.

Буга чейин техникалардын ачкычтары дааналап тапшырылып келген болсо, бул ирет килограммдап тапшырылды. Дегеним, бул жолу Ташиев шаар мэрине 2 килограмм ачкыч тапшырды.

Кийинки кезекте кайсы облус? Серепчилердин пикиринде, кийинки сапарлар Баткен, Талас жана Чүй облустарында болушу мүмкүн. Бул аймактарда да жолдорду оңдоо, социалдык объекттерди жаңылоо жана техникалык камсыздоо сыяктуу иштер кезекте турат. Бирок деген суроо туулат. Ташиев бармайынча чоңдор иштешпейби? Камчыбек Ташиевдин сапарлары аймактардагы чоң иштерди жылдырууга өбөлгө болуп жатат. Бирок бул жерде дагы бир суроо жаралат. Эмне үчүн иштер жетекчилер өз алдынча кыймылга келбей, сөзсүз жогорку жетекчи келип турганда гана жанданып калат? Мындай көрүнүш өлкөдөгү башкаруу маданиятынын чыныгы көйгөйү. Жергиликтүү жетекчилер тапшырма күтпөй, өз аймагындагы маселелерди өз убагында чечсе, ар бир сапарда “катуу көзөмөл” зарыл болбой калмак.

Рубрики: Коом, Макалалар
Scroll to Top