Бүгүн, 5-сентябрда Нарындын Эмгек-Талаа айылында 75 орундуу «Таберик — Эмгек Талаа» бала бакчасы ишке берилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалым болгондой, аталган бала бакчанын курулушу каражаттын жетишсиздигинен 8 жылга созулуп кеткен.
«Бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталып, 8 жылдан бери каражаттын жетишсиздигинен бүтпөй турган. Президенттин көптөн бери токтоп турган социалдык объектилерди бүткөрүү тапшырмасынын негизинде курулуш иши улантылып, жаңы окуу жылына карата айыл элине белек кылынды. Курулуш ишин «М-Стард» курулуш ишканасы жүргүздү. Жалпы сметалык баасы 32 млн сом болуп, республикалык бюджеттен каржыланды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда бала бакчада 100 бала тарбияланып, 21 кызматкер эмгектенүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз