Насыяга алынган каражатты туура эмес пайдаланган. Бишкек мэриясынын мурдагы кызматкерлери кармалды

Бишкек шаардык мэриясынын мурдагы кызматкерлери таштанды полигонун долбоорлоо үчүн мамлекет тарабынан насыяга алынган каражатты туура эмес пайдаланганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, 2015-жылы кредиттик уюм тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына 22 млн евро бөлүнгөн. Бул каражатка шаардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, бульдозер, жүктөгүч, таштанды ташуучу унаалар, таштанды контейнерлери жана башка атайын техникаларды сатып алуу, ошондой эле “Тазалык” жана “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканалары үчүн таштанды полигонун долбоорлоо максат кылынган.
Бирок жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында бюджетке 182 млн сом зыян келтирилгени аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, 4 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар: Бишкектин мурдагы вице-мэри С.Р.А., «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.А.Ж., ошондой эле подряддык компанияларынын жетекчилери И.В.Р. жана А.Н.Б. Учурда тергөө уланууда.