Ноокатта 3 эм төрөлдү. Аким акчалай жардам берди

Ноокатта 3 эм төрөлдү. Аким акчалай жардам берди

Ноокат районунда 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 05-июлда аким Данир Иманалиев жана Ноокат шаарынын мэри У.Турганбаев үч эм ымыркайды жарык дүйнөгө алып келген  Ноокат шаарынын тургуну Айжамал Тынычбекованын үйүнө барышты.

Аким жана мэр ымыркайлардын жана эненин абалынан кабар алышып, ымыркайларга белектерди жана акчалай жардамдарды беришти.

Алар үч эм ымыркайларга бекем ден-соолук, берекелүү өмүр каалап, мамлекетке өздөрүнүн чоң салымын кошкон мыкты инсандардан болуп жетилишине тилектеш экендигин билдирди.

Буга чейин, ушул жылдын июнь айында Ноокат аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын тургуну Сабырова Ракыя  үч эм ымыркайды жарык дүйнөгө алып келген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>