Ноокатта автоунаа бакты сүзүп, айдоочу каза болду

Ноокатта автоунаа бакты сүзүп, айдоочу каза болду

Ноокат районунун Ноокат-Папан унаа жолунда 53 жаштагы адамдын башкаруусунда бараткан «Hyundai Porter» жолдон чыгып кетип бакты сүзүп, айдоочу каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 28-майда саат 17:50дө Мирмахмудов айыл аймагында болгон.

Айдоочунун рулду башкара албай калышы кырсыктын келип чыгышына себеп болгон. Куткаруучулар майдоочунун сөөгүн унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>