Ноокатта турак үйдөн өрт чыгып, 67 жаштагы киши каза болду

Ноокатта турак үйдөн өрт чыгып, 67 жаштагы киши каза болду

Бүгүн, 14-декабрда Ош облусунун Ноокат районунун Кенеш айыл аймагынын Шаңкол айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 08:30да райондук №71 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 10:50дө өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 1957-жылы туулган А.С. аттуу эркек киши каза болуп, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Ноокат өрт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>