Ноокаттагы сел: Дагы эки адамдын жансыз денеси табылды

Ноокаттагы сел: Дагы эки адамдын жансыз денеси табылды

Ноокат районунда сел агызып кеткен дагы эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-июнда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында катуу жаагандан жаандан улам сел жүрүп, жарандар агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча Абшыр-Атада Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүрүп, натыйжада 2 көпүрөнү, 10 электр мамычаларды, 10 турак үйгө сел кирип, 6 адамды агызып кеткендиги маалым болгон.

Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында 4 адамдын жансыз денеси ӨКМ тарабынан табылып, алар Ноокат районунун 2005-жылы туулган К.Б., 2008-жылы туулган М.Б. жана С.кызы А., жана М.кызы А. (туулган жылдары тактала элек)  экендиги аныкталган.

29-июнда саат 13:05 чамасында ӨКМ тарабынан селге агып кеткен жарандардын дагы 2 жансыз денеси табылды (өздүгү такталууда).

Учурда жеринде Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы, ардагерлер жана кошумча күчтөр  дайынсыз болуп жаткан адамдарды издеп табуу,  жарандардын коопсуз жайга эвакуациялоо, коопсуздугун  камсыздоо, селдин кесепетинен жабыр тарткан жагдайларды калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, Ноокатта сел жүрүп, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген. ӨКМ жети адам сууга агып кеткенин, алардын бешөөнүн сөөгү табылганын, дагы эки адам изделип жатканын кабарлаган болчу.

Ноокатта селден улам 5 адам каза болуп, дагы экөө изделүүдө (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>