Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Өрт кырсыгы катталган аймактар: Бишкек 3, Ош облусу 3, Жалал-Абад 1, Ысык-Көл 1.
Ноокен районундагы Масы айылы электр зымдарынын кыска чыңалуусунан турак үйдүн 45 чарчы метринин эки бөлмөсү жана үй буюмдары менен күйүп кеткен.