Нооруздан кийин «Ала-Тоо» аянтынан үч тонна таштанды чыгарылды
Нооруз майрамынан кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ала-Тоо» аянтынан 3 тонна таштанды чыгарышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, таштандыларды чогултууга ишкананын 30 кызматкери, 1 атайын техника жана 1 сугаруучу машина тартылган.
“Урматтуу шаар тургундары! Таштандыларды челектерге салып, шаардык кызматкерлердин эмгегин сыйлагыла”, – деп эскертет мэрия.
[image_carousel source=”media: 182581,182582,182583,182584,182585,182586″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз