Новиков Чаткалдагы алтын кендин иши менен таанышты — сүрөт 

Новиков Чаткалдагы алтын кендин иши менен таанышты — сүрөт 

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Чаткал районундагы «Эти-Бакир-Терек-Сай» ишканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 5-6-октябрдагы окуяга байланыштуу курулуш иштери токтоп, кийин 15-декабрда кайра жанданган. Учурда жыл аягына чейин жалпы жумуштун 25% дан ашыгын бүтүрүү пландалууда.

Артем Новиков ишканага барган учурда Өкмөт эки айдын ичинде тоо кен ишканасынын ишин жандандыруу боюнча түшүндүрүү иш-чараларын туруктуу негизде жүргүзгөнүн, анын натыйжасында 700дөн ашуун адам жумуш менен камсыз болгонун, алардын 75% жергиликтүү тургундардан экенини белгиледи.

Учурда курулуш иштери толук кандуу жанданып, анын негизинде жергиликтүү эл иш менен камсыз болду. 

Андан соң  Новиков компаниянын жетекчилиги менен Ала-Бука-Кировка жолун куруу, ошондой эле модернизациядан кийин эл аралык макамга ээ боло турган «Кербен» аэропортун реконструкциялоо жана кеңейтүү боюнча келишим түзүлгөндүгүн айтты.

«Долбоордун бардык деталдары жергиликтүү бийлик менен биргеликте иштелип чыгып, 2020-жылдын аягына чейин Кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлушу керек», — деди Артем Новиков.

«Бул чечимдер жергиликтүү тургундардын турмушуна оңдуу таасирин тийгизет. Тургундар реалдуу өзгөрүүлөрдү сезүүсү зарыл, анткени, бардык иш-аракеттер жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыздоого багытталган. Себеби бүгүнкү күндө Өкмөттүн негизги милдети – калкты жумуштуулук менен камсыздоо», — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Новиков иштердин жыйынтыгы боюнча аймакта рекультивациялоо жүргүзүлөрүн, ал эми калдыктарды сактоочу жайды курууда алдыңкы экологиялык стандарттар, техникалык жана социалдык талаптар сакталарын айтты.

Премьер-министрдин м.а. жергиликтүү бийлик органдарынын инвесторлорду жана жериликтүү калкты байланыштыруучу медиатор катары жоопкерчилигин баса белгиледи. 

Күтүлгөндөй, алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу жыйынтыкталган соң салык төлөмдөрү 5 млрд ашуун сомду түзмөкчү.

[su_image_carousel source=»media: 52792,52793,52794,52795,52796,52797″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>