Новопокровкадагы трагедия: жарылуудан заводдун эки кызматкери каза болду

Ысык-Ата районундагы газоблок өндүрүүчү ишканада болгон жарылуу боюнча Чүй облустук ИИББи төмөнкүдөй маалымат берди:
Ысык-Ата районундагы заводдо болгон жарылуудан эки адам каза тапты.
Кечээ, 21-октябрда, соцтармактарда аталган заводдо жарылуу болгону тууралуу маалымат тараган. Текшерүүдөн кийин бул окуя Новопокровка айылында жайгашкан газоблок чыгаруучу ишкананын аймагында болгону аныкталды.
Ысык-Ата райондук милициясынын маалыматында, жарылуу «НГБ» заводунун түштүк тарабында болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, цемент ташуучу цистерна жарылган. Жарылуунун себептери азырынча тактала элек.
Жарылуунун кесепетинен 34 жаштагы Х.С. жана 61 жаштагы Б.А. атуу эки жумушчу тең алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо чыккан. Азырынча териштирүү иштери жүрүп, күбөлөр сурак берүүдө, ал эми жарылуунун так себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Ички иштер министрлиги текшерүүнүн жыйынтыгына жараша процессуалдык чечим кабыл алынарын билдирди.