Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
13 жашар кыздын зордукталышы: Активист митингге чыкты
06.07.2022 | 14:17
Бүгүн, 6-июлда өкмөт үйүнүн алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 13 жашар кыздын эки милиция кызматкери тарабынан зордукталганы боюнча нааразычылык акциясына чыкты.
Өндүрүш Токтонасыров министр Улан Ниязбековдун жана президент Садыр Жапаровдун кыздарга жана аялдарга болгон зордук-зомбулукка реакция кылбаганына нааразы экендигин билдирди.
“Зордукчул милиционерлер камалсын” деген жазуусу бар плакатты көтөрүп чыккан активист ИИМдин башчысы отставкага кетиши керек деп эсептейт.
Буга чейин өлкө башчынын басма сөз кызматы балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева 13 жашар кызга карата зомбулук жасалган чуулгандуу иштин жүрүшүнө баам салып жаткандыгын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом