Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келдиНарын жаратылыш коругунан жапайы жаныбарлардын баалуу сүрөттөрү тартылып алынды (сүрөт)
Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелип 4 жаран колго түштү
11.02.2022 | 16:00
2022-жылдын 8-февралында Аламүдүн РИИБине бир нече жаш балдар жана кыздар түн ичинде Таштар-Ата айылына жакын жердеги панорама тилкесинде күч колдонуу менен алып кетишкен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Белгисиз адамдар алардан эки уюлдук телефон жана 10 миң сом акчаларын алып коюшканын арызында көрсөтүшкөн.
Бул факты боюнча ИИМ тарабынан 206-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө каракчылыкка шектелип 1992-жылы туулган Т.Ж., 1993-жылы туулган А.У., 1988-жылы туулган Ж.Т., 1989-жылы туулган О.А. кармалышкан.
Маалым болгондой, кармалгандар Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар