«Арча-Бешик» жаңы конушуна ичүүчү суу графикке ылайык берилет

14.06.2023 | 16:27

«Арча-Бешик» жаңы конушуна ичүүчү суу белгилүү график боюнча берилет. Бул тууралуу «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдиришти.

– 15-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун жогорку бөлүгү;

– 16-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин төмөнкү бөлүгү;

– 17-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин жогорку бөлүгү;

– 18-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун төмөнкү бөлүгү ж.б.

Суу ташуучулардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, «Аэропорт» суу алгычынан ичүүчү сууга толтурулат. Ар бир автоцистернада ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөгөн химиялык-бактериологиялык лабораториянын корутундусу бар.

“Учурда өкмөттүн жана Жогорку Кеңешинин деңгээлинде “Башкара-Суу” суу алгычынын жанынан төрт жаңы скважинаны бургулоо үчүн жер тилкесин берүү маселеси чечилүүдө. Жаңы скважиналар кошумча ичүүчү суу ресурстарын берет. Бул скважиналарды бир жылдын ичинде бургулап, пайдаланууга беруу пландаштырылган”, – деп айтылат маалыматта.

«Бишкексууканал» башкармалыгы провокацияларга, ар кандай божомолдорго, имиштерге алдырбоону өтүнүп, “ичүүчү суу боюнча абал оор, бирок мэриянын жана башкармалыктын  көзөмөлүндө”, – деп билдирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top