Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Баткенден аткезчилик жол менен келе жаткан товарлар табылды
10.02.2022 | 10:24
Баткенден аткезчилик менен алынып келе жаткан аз алкоголдук ичимдиктери табылды. Бул туурасында Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кадамжай шаарында Исфана-Баткен-Ош унаа жолунда «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа текшерилген. Текшерүү учурунда унаанын жүк салынуучу бөлүгүндө – ар бири 450 мл., 5952 банка 7,2% этил спиртин камтыган “Ягуар” аз алкоголдук ичимдиги табылган.
Жүк ЕАЭБ бажы аймагында андан ары сатуу үчүн товар коштоочу документтери жок жана КР акциздик маркалары жок болгон.
Аталган факт атайын журналга катталган, материалдар Баткен облусунун прокуратурасын өткөрүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар