Бишкек: Медициналык мекемелерде COVID-19ду жуктургандар үчүн 381 керебет бар

11.02.2022 | 15:46

Бүгүнкү күндө Бишкектин медициналык мекемелеринде коронавируска чалдыккандар үчүн 381 бош керебет бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Кошумча маалыматты ооруканалардын картасы жарыяланган сайттан алууга болот.

11-февралга карата бош орундар:

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы – 337;
Улуттук хирургиялык борбор – 5;
No2 клиникалык төрөт үйү – 15;
Улуттук фтизиатрия борбору – 24.

Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын март айынан бери республикада пневмония жана COVID-19 менен ооруган 199 890 учур катталган.

Scroll to Top