Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келдиНарын жаратылыш коругунан жапайы жаныбарлардын баалуу сүрөттөрү тартылып алынды (сүрөт)
Быйыл 7 айда Кыргызстан сыртка 63,3 млн сомго бал экспорттогон
03.10.2023 | 10:19
Быйыл 7 айда Кыргызстан чет жакка 63,3 млн сомго 183,4 тонна бал экспорттоду. Бул тууралуу “Акчабар” каржы порталы жазды.
Статистика комитетинин баяндамасына ылайык, бал эң көп Кытайга (17,9 млн сомго 77,1 тонна), АКШга (11,3 млн сомго 21,5 тонна), Бириккен Араб Эмираттарына (4,85 млн сомго 19,2 тонна), Кувейтке (10,27 млн сомго 17 тонна) жана Сауд Арабиясына (2,94 млн сомго 16,8 тонна) сатылган.
Ошондой эле бал Жапонияга (8 млн 409,1 миң сомго 9,8 тонна), Түштүк Кореяга (2 млн 942,5 миң сомго 6,8 тонна), Катарга (2 млн 311,2 миң сомго 6,4 тонна) экспорт жасалган.
Мындан тышкары, Азербайжан, Бахрейн, Казакстан, Малайзия, Орусия жана Францияга азыноолак бал сатылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз