Садыр Жапаров жана Ухнаагийн Хурэлсух «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалына барыштыКыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталдыЯкутияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтүп, эки өлкөнүн ишкерлер кеңеши түзүлдүКазакстандан ташылып келе жаткан 14 тонна ун өлкөгө киргизилген жокMicrosoft’тун серверлери хакердик чабуулга кабылды
Чукул билдирүү! Айрым ашууларда кар көчкү түшөт
01.02.2023 | 18:40
Өлкө синоптиктеринин божомолунда 2-февралдан 6-февралына чейин жаан-чачын күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-113 чакырымдарында жайгашкан Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлүүдө.
Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
“Эгер, сиз алыскы жолго чыгууну, тоолордо эс алууну пландасаңыз, зарылчылыгы болбосо, башка күндөргө жылдырууну сунуштайбыз. Сиздин жана жакындарыңыздын өмүрү коопсуз болсун!”- деп айтылат билдирүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар