Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Депутат Момбеков: “Путиндин эмнеси кыска, Назарбаевдин эмнеси узун?”
22.10.2019 | 14:36
Депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетининин жыйынында «Путиндин эмнеси кыска? Назарбаевдин эмнеси узун?», – деген табышмактуу суроо салды. Бул тууралуу “Акчабар” каржылык порталы жазып чыкты.
Депутаттын өзүнүн жообунда, бул «фамилия» болуп чыкты.
«Муну менен мен бүгүнкү өкмөттүн кызмат убактысы узун, бирок жыйынтыгы кыска болгонун билдиргим келет. Мен башында эле бул өкмөт бизди алдап кетээрин айткам, бул жагынан адашпаптырмын», – деди ал.
Момбеков өкмөттүн бүгүнкү отчетун сынга алды.
Комитет жыйынында «КР 2020 – жылдагы республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдардын бюджеттин божомолдуу кароо» мыйзам долбоору талкууланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика