Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Электрондук тамеки чеккендерге 10 миң сом айып салуу мыйзамы кабыл алынды
26.06.2024 | 14:13
Жогорку Кеңеш электрондук тамекилерди өлкөгө ташып келүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салган мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Мыйзамга ылайык, өлкөгө электрондук тамекилерди алып келген юридикалык жактарга 200 миң сом, жарандарга 150 миң сом айыппул каралган же 1 жылдан 2 жылга абакка кесилет.
Аталган тамекилерди саткан жарандар 50 миң сом, юридикалык жактар 65 миң сом айыпка жыгылат.
Ошондой эле электрондук тамекилерди колдонгон жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айыппул каралган.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Шаирбек Ташиев билдиргендей, мыйзамга кол коюлган соң ал бир жылдан кийин күчүнө кирет.
Эми аталган мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом