Кеминде эки мектептин окуучулары мушташа кетишти, бирөө ооруканада  

30.05.2022 | 10:19

Кемин районунда эки мектептин окуучулары мушташа кетишти. Бул тууралуу маалыматты Чүй облустук милициясынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Кемин райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө 27-майда жергиликтүү оооруканага 2007-жылы туулган бала денесинен ар кандай жаракат алып түшкөнү боюнча маалымдалган. Милицияга анын апасы арыз менен кайрылып, баласын ур-токмокко алган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Сотко чейинки териштирүү иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, 27-майда саат 13:00 чамасында башка мектепте окуган эки өспүрүм менен жабыркаган баланын ортосунда уруш чыгып, эки өспүрүм анын денесине жаракат келтиришкен. Мындан кийин ал ооруканага түшкөн.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иштин чоо-жайы такталууда.

Scroll to Top