Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келдиНарын жаратылыш коругунан жапайы жаныбарлардын баалуу сүрөттөрү тартылып алынды (сүрөт)
Коргоо министрлигинде кадрдык алмашуулар болду
03.10.2023 | 10:03
Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолорду жүргүздү. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Генералдык штабдын жетекчиси Эрлик Тердикбаев ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Башкы штабды Руслан Мукамбетов жетектей турган болду. Ал буга чейин Куралдуу Күчтөрдүн Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын командачысы болчу.
Алмазбек Карасартов коргоо министринин орун басарлыгы менен бирге Куралдуу Күчтөрдүн Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгын дагы башкарат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом