Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Парламентте Кыргызстанда жарандыгы жок адамдын укуктук статусун аныктоо тартиби сунушталууда
17.09.2019 | 12:14
Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «жарандыгы жок адам» статусун алуу маселелерин жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.
Азыркы мыйзамдарда «жарандыгы жок адам» укуктук статусу боюнча ырааттуу караган жоболор жок. Анткени, жаңы түзүлгөн көз карандысыз мамлекеттердин мыйзамдарында миграция маселесин жөнгө салган ченемдик укуктук база болгон эмес.
Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, жарандыгы жок адамдын укуктук статусун аныктоо тартиби Кыргыз Өкмөтү тарабынан аныкталууга тийиш.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом