Нурлан Шакиев Курманбек Бакиев тууралуу пикирин айтты

05.10.2022 | 15:00

Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн Нурлан Шакиев мурунку президент Курманбек Бакиев тууралуу пикирин айтты.

Жыйында Дастан Бекешев: “Бакиевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, жакшы сөз айтып жүргөнүңүз боюнча сурайын дегем”, – деди.

Өз кезегинде Нурлан Шакиев: “Мен жаран катары айта турган болсом, мурда иштеп кеткен бардык экс-президенттерге мамилем, коомдукунан кескин айырмаланбайт. Коомдогу көз караш кандай болсо, менин көз карашым дагы ошондой”, – деп жооп берди.

“Демек, сиз эл менен турбайсызбы?” — деди Бекешев.

“Албетте”, – деп жооп берди Шакиев.

Нурлан Шакиев 2006-2010-жылдары мурунку президент Курманбек Бакиевдин пресс катчысы андан кийин кеңешчиси болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top