Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Октябрь окуясы: Үмүтбекке үй берилет
03.09.2021 | 11:33
Былтыр октябрь окуясында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө жакында Бишкекте батир берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын октябрь-ноябрь айларында эле президент Садыр Жапаров тарабынан тиешелүү тапшырма берилген. Бирок, борбор калаанын мэриясынын айрым аткаминерлеринин жоопкерчиликсиздигинен улам маселе өз убагында чечилбей калган.
“Аталган маселе мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө, каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө жакын арада борбор калаадан батир берилет”, – дейт ал.
Былтыр октябрдагы окуяда октон көз жумган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат