Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келдиНарын жаратылыш коругунан жапайы жаныбарлардын баалуу сүрөттөрү тартылып алынды (сүрөт)
Ош шаарында акын Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына арналган эл аралык поэзия фестивалы өтөт
27.05.2025 | 12:45
28-30-май күндөрү Ош шаарында түрк дүйнөсүнүн акындарынын Жолон Мамытов атындагы “Жашыл аалам” фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Фестиваль залкар акын Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата уюштурулууда. Ага Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстандан келген жана Кыргызстандын жаш акындары катышат.
Фестивалдын программасы:
28-май
- 09:00-10:00 – Жолон Мамытовдун эстелигин ачуу аземи. (Ак-Тилек кичи районундагы “Жолон Мамытов” атындагы аллея)
- 10:40-12:00 – Фестивалдын 1-күнүнүн расмий ачылышы. (ОшМУнун башкы имаратынын чоң актылар залы)
- 15:00-17:30 – “Отту сүйөм” поэзия кечеси. (ОшМУнун «Ак-Буура» кампусу, Водозаборная 15)
- 19:30-22:00 – “Жашыл аалам” кечки эркин поэзия кечеси. (ОшМУнун «Congress Resort OshSU» комплекси)
29-май
- 13:30-15:00 – “Түрк дүйнөсүндөгү көркөм котормо маселелери”. (ОшМУнун башкы имаратынын 201-каанасы)
- 17:30-19:30 – Фестивалдын жабылуу аземи. (С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры)
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы