Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
ТИМ: Пакистан, Индия жарандарына атайын эреже иштелүүдө
03.09.2021 | 11:48
Пакистан, Индия ж.б. чет элдик жарандардын Кыргызстанга келүүсү боюнча жаңы алгоритм иштелип жатканын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Ал жаңы эрежеге ылайык, ал чет элдик жарандарды Кыргызстандан ким чакырса ошол тарап бардык жоопкерчиликти алат. Ошондой эле “электрондук виза” порталынан да виза алуусу убактылуу токтотулду. Эми виза алуу үчүн Кыргызстандан кимдир бирөөлөр чакыруусу кажет болуп калат. Аталган эки өлкөдөн башка кайсы өлкөлөргө бул эреже тиешелүү экени азырынча белгисиз.
Эскерте кетсек, буга чейин айрым ЖМКларда кээ бир өлкөлөрдүн жарандарына туристтик визаларды берүү токтотулгандыгы жарыяланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат