Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
“Унаа” мекемеси дээрлик 8 млн сомдой мамлекетке зыян келтиргени аныкталды
30.03.2022 | 15:36
Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан ИИМдин алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүүдө, аталган Мекеменин жооптуу кызматкерлери тарабынан «Sigma Compact 200» үлгүсүндөгү мобилдик асфальт чыгаруучу заводун, кошумча нарк салыгы төлөнбөгөндүгүнө жана бажы тарабынан шарттуу чыгарылгандыгына карабастан, мыйзамсыз каттоодон өткөрүлүп, натыйжада мамлекетке 7 млн 803 миң 165,01 сом зыян келтиргендиги аныкталды.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар