Жалал-Абадда жаңы асфальтталган көчөнүн ачылышына Ташиев катышты (видео)
Жалал-Абад шаарында Пушкин көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөлүп, бүгүн, 9-августта пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Жолдун ачылуу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, мэр Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, калаа тургундары катышкан.
[image_carousel source=”media: 195684,195685,195686,195687,195688,195689,195690,195691″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Узундугу 2 чакырым, туурасы 20 метрди түзгөн жолго жаңы асфальт басууга 70 млн сом сарпталган.
“Пушкин көчөсү – Жалал-Абад шаарынын негизги жолдорунун бири. Аталган көчө 2018-2019-жылдары кеңейтилип, бирок кеңейтилген бөлүгүнө гана убактылуу асфальт басылган болчу”, – деп билдиришти мэриядан.
2023-жылы Жалал-Абад шаарында жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз