Жогорку Кеңештин бүгүнкү 27-январдагы жалпы жыйынында жаңы вице-спикер шайланды.
Анда “Ата Мекен” фракциясынан Нурбек Сыдыгалиев, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Уланбек Исмаилов талапкер болду.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Уланбек Исмаилов 38 добуш, Нурбек Сыдыгалиев 77 добуш алып, вице-спикер болуп шайланды.
Мурда бул кызматты аркалап келген Мирлан Бакиров өткөн жылдын декабрь айында кызматтан кеткен.