Нью-Йоркто Садыр Жапаров АКШ президентинин атайын өкүлү менен жолугушуу өткөрдү

23.09.2025 | 09:51

Өлкө башчы Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында АКШнын президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда экономикалык өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамилелерди ар тараптуу чыңдоо маселелери талкууланган. Ошондой эле миграциялык процесстерди көзөмөлдөө маселелери каралган. Тараптар бул багытта конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин белгилешкен.

Садыр Жапаров Кыргызстан АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы менен активдүү кызматташууга, ошондой эле региондо туруктуу өнүгүүнү жана стабилдүүлүктү камсыздоого багытталган биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө даяр экенин белгилеген.

Жыйынтыгында тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий диалогду улантууну макулдашышкан.

Scroll to Top