Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Чүй агроөнөр жай аймагында тазалоо курулмаларынын комплекси курулат
03.03.2026 | 10:19

«Кыргыз Агрохолдинг» ачык акционердик коому Чүй агроөнөр жай аймагында тазалоо курулмаларынын комплексин куруу боюнча келишимге кол койду. Бул комплекс агын сууларды тазалоо аркылуу айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтууга багытталган.
Ошондой эле ал мал чарба продукцияларын (эт, тери, желатин, субпродуктылар) кайра иштетүүгө шарт түзөт.
Долбоорду China Road компаниясы ишке ашырат. Ал объектинин долбоорун иштеп чыгуу, жабдууларды жеткирүү, монтаждоо жана курулуш иштерин жүргүзөт.
Долбоор аймактын инфраструктурасын чыңдоо, өндүрүштүн коопсуздугун жана экологиялык туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле инвестициялык жагымдуулукту арттыруу максатында ишке ашырылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом