ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт

29.03.2026 | 12:00

28-марттан 2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кар көчкү коркунучу бар жол тилкелери:

  • Бишкек – Ош унаа жолу: 121-138-чакырымдар (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдар (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
  • Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу: 292-305-чакырымдар (Долон ашуусу);
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолу: 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдар (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол – Эңилчек унаа жолу: 45-90-чакырымдар (Чоң-Ашуу ашуусу).

Министрлик аталган аймактарда жолдор тайгак болуп, муз тоңорун маалымдайт. Жарандарга коопсуздук чараларын сактоо сунушталат.

Scroll to Top