ӨКМ эскертет: Өлкө аймагында табигый кырсыктардын активдешүүсү күтүлүүдө

25-марттан 31-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында таш кулоо, сел жүрүү, кар көчкү жана жер көчкү коркунучу пайда болот.
Ошондой эле кооптуу жагдайлар төмөнкү унаа жолдорунун бир нече чакырымдарында орун алышы мүмкүн:
- Бишкек – Ош;
- Балыкчы – Ананьево – Каракол;
- Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол;
- Бишкек – Нарын – Торугарт;
- Каракол – Эңилчек;
- Барскоон – Ак-Шыйрак;
- Арал – Миң-Куш;
- Нарын – Баетов;
- Ак-Тал – Казарман;
- Кочкор – Арал – Төө-Ашуу;
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад;
- Ош – Раззаков;
- Раззаков – Андарак – Көк-Таш;
- Кайрагач – Кулунду – Арка;
- Барпы – Ийри-Суу – Өзгөн;
- Ош – Сары-Таш – Эркечтам;
- Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык;
- Гүлчө – Кызыл-Суу;
- Культцентр – Чөгөм – Загара;
- Культцентр – Кичик-Алай;
- Ак-Терек – Папан – Кожо-Келен;
- Жаңы-Арык – Кызыл-Суу;
- Мырза-Аке – Кара-Шоро;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Көк-Арт;
- Дароот-Коргон – Чак – Жаш-Тилек.
Министрлик жарандарга тоолуу аймактарга эс алууга чыкпай турууну жана алыскы жолдордо сапар алууда коопсуздук чараларын сактоону эскертти.
ӨКМ ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке кырсыктардын алдын алуу жана коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча эскертме-каттар жөнөтүлгөнүн кошумчалады.