Өкмөт 2030-жылга чейин Ысык-Көлдү өнүктүрүү планын бекитти

02.12.2025 | 16:35

Министрлер кабинети 2030-жылга чейин «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча чаралар планын бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Бекитилген планга ылайык министрликтер, административдик мекемелер, Улуттук илимдер академиясы, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларынын мэриялары тиешелүү жумуштарды алып барат. 

Документтин максаты – Ысык-Көлдү коргоого жана Ысык-Көл биосфералык зонасын антропогендик күч келүүнүн, техногендик жана жаратылыш факторлорунун натыйжасында жаратылыш чөйрөсүнө терс таасир тийгизүүдөн коргоого багытталган. Ошондой эле анда аймактын туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу жана анын калкынын жашоо сапатын жогорулатуу каралган.

Scroll to Top