Өкмөт аймактардагы маданият үйлөрүн жана китепканаларды реформалайт

Министрлер кабинети аймактардагы маданият үйлөрүнүн жана айылдык китепканалардын ишмердигин реформалоо жана өркүндөтүү жөнүндө тескеме кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тескемеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансында турган китепканаларды кайра уюштурулат же жоюлат. Бул чечим сактоого тийиш болгон китепканалардын тизмесине киргизилген китепканаларга тиешелүү эмес.
Маалыматта айтылгандай, айрым аймактарда иштеп жаткан китепканалар окурмандардын аздыгынан жапа чегишет. Окурмандардын жана жазылуулардын саны жөнүндө маалыматтар көбүнчө туура эмес жана бурмаланып берилгендиктен, бул китепканаларга суроо-талап бар деген жаңылыш пикирди жаратат.
“Маалыматтык технологиялардын тез өсүшүнүн шартында китепканалар, өзгөчө айыл жерлеринде олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда. Ушуга байланыштуу бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана айыл калкы үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында китепкана тармагын оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгы келип чыгууда”,- деп айтылат маалыматта.
Ушул эле тескеме менен райондук маданият үйлөрүн жана айылдык клубдарды реформалоо каралган. Бул максатта Маданият министрлигине типтүү көп функциялуу маданий борбордун концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.