Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барат

25.03.2026 | 09:32

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26–27-март күндөрү Казакстанга жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында өкмөт башчы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат. Жыйындардын күн тартибине соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтык маселелери киргизилген.

Жыйынга Казакстан, Беларусь жана Орусиянын өкмөт башчылары, Армениянын вице-премьер-министри, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы катышат. Мындан тышкары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын, IT-компаниялардын жетекчилеринин жана эксперттердин катышуусу күтүлүүдө.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев “Digital Qazaqstan – 2026” эл аралык санарип форумуна катышат. Программанын алкагында ал санарип долбоорлордун көргөзмөсү менен таанышып, пленардык сессияда сөз сүйлөйт.

Scroll to Top