Өкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан»  темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты

05.12.2025 | 16:25

Бүгүн, 5-декабрда, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында Тош-Кутчу жерлигиндеги «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун тилкесиндеги туннелдин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы.

Касымалиевге жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери тууралуу маалымат берилген.

Аталган темир жол «Торугарт – Арпа – Кош-Дөбө – Макмал – Жалал-Абад» (304,94 км) маршруту боюнча өтөт. Торугарт – Макмал (160 км) тилкесинде 1435 мм темир жол изи, Макмалдан Жалал-Абадка чейин (145 км) – 1520 мм темир жол изи колдонулат.

Макмал районунда жүктөө станциясын жана логистикалык борборду түзүү мүмкүнчүлүгү пландаштырылууда. 

Бул долбоорго 5 миң 695 техника жана 5 миңден ашык адам тартылган. 29 туннелдин ичинен 18инин курулушу башталган. Ошондой эле 50 көпүрөнүн 17синин, 602 суу өткөргүч түтүктүн 28инин курулушу жүрүүдө. 

Минкаб башчысы стратегиялык инфраструктуралык долбоорду сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеген.

Scroll to Top