Өкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салды

04.12.2025 | 21:00

Министрлер кабинети көмүрдү Кыргызстандын аймагынан сыртка ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон. 

Документке ылайык, ЕАЭБдин ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу көмүрдү автомобиль транспорту менен жарым жылдык мөөнөткө экспорттолбойт. Бул чектөө “Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу ташып чыгууга жана «Кыргызкөмүр» ишканасына тиешелүү эмес.

Токтомдун негизинде Экономика жана коммерция министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Мамлекеттик бажы кызматына жана Чек ара кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн, 3-декабрдан, тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эске салсак, буга чейин өкмөт көмүрдүн ири фракциясын сыртка ташып чыгууга чектөө киргизген. Анда  бул чаралар ички рынокто көмүр тартыштыгын болтурбоо жана алдыдагы күз-кыш мезгилинде баанын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында кабыл алынганы айтылган.

Scroll to Top