Өкмөт мыйзамсыз мигранттарга укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берген жобону бекитти

Өкмөт мыйзамсыз мигранттарга укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берген жобону бекитти

Өкмөт Кыргызстандын аймагында миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн мигранттарга жана жарандыгы жок адамдарга укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берген убактылуу жобону бекитти.

Документ миграциялык эрежелерди бузуу менен өлкөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун ыктыярдуу мыйзамдаштыруунун так тартибин белгилейт.

Ага ылайык, өз статусун жөнгө салуу үчүн ыйгарым укуктуу органдарга ушул жылдын 10-июнуна чейин кайрылган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тийиштүү уруксат берүүчү документтерди тариздеп, мурда кетирилген укук бузуулар үчүн административдик жоопкерчиликтен кутула алышат.

Токтомго окмот Адылбек Касымалиев кол койгон. Ал расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>