Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Өкмөт Улуттук онкология борборуна 10 млн сомдон ашуун каражат бөлдү
31.07.2025 | 10:13

Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборуна 10 млн 141 миң 165 сом бөлдү. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим бейтаптарга ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, ошондой эле медициналык тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Өкмөт Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууну тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Министрлер кабинети